Кара-Кулжа районунун Карагуз айылынын Тектир тилкесинде бир нече жыл мурун түшкөн жер көчкү быйыл 20-28-декабрь күндөрү акырындык менен жылып, жолду бөгөп калуу коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 31-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Көчкү Карагуз дарыясын жана Ылай-Талаа - Жаңы-Талап - Түшүнүк жолунун 23-чакырымын тосуп калмак. Жылган көчкүнүн көлөмү 98 000 метр куб. 30-декабрда ӨКМга караштуу №26-жол тейлөө ишканасынын атайын техникасы кошумча жол салууга жетишти. Кошумча жолдун узундугу 700 метр экенин билдирди министрлик.