"3-октябрдагы митингде Камчыбек Ташиевдин Ак үйдүн тосмосунан ашып түшкөнү мага жаккан жок",- деп билдирди ЖКнын депутаты Курмантай Абдиев. Бүгүн, 15-мартта "ата журтчу" айрым депутаттар боюнча өтүп жаткан сотто ушундай билдирүү жасады Абдиев. Айтымында, ал митингде Ташиевдин жаман ою болгон эмес. "Камчы октун үнүн укканда кызууланып кетип, өзүн башкара албай калган. 2010-жылы Оштогу улуттар аралык жаңжалда "элди эмес, мени аткыла!" деп төш кагып чыккан ушул жигит",- деди эл өкүлү.