Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгы баасы 25 миллион долларлык 5 долбоорду жактырды. 5 долбоор тең экономика тармагы үчүн маанилүү жана фонд тарабынан дыкат иликтенип чыкканын 31-декабрда фонддон билдиришти.
2 долбоор коммерциялык банктар аркылуу кичи жана орто бизнести каржылоо программасына көмөктөшүүгө багытталууда. "Жактырылган долбоорлордун үчөөсү боюнча чечим 2016-жылдын башында макулдашылат. Жаңы долбоорлорду каржылоону тездетүү боюнча бардык күчүбүздү жумшайбыз",- деген фонддун башкармалыгынын жетекчиси Нурсулуу Ахметова Орусия тараптан кезектеги акча - 50 миллион доллар келип түшкөнүн билдирди. Фонддун эсебиндеги акчанын суммасы 350 миллион долларга жетти. Калган 150 миллион доллары 2016-жылдын 29-майына чейин этап-этабы менен берилмекчи.