Мамлекеттик салык кызматы мурунку депутат Карганбек Самаков 59 миллион 491 миң сом карызын төлөбөй жатканын айтып Башкы прокуратурага кайрылды. Мекемеден билдиришкендей, Самаков Аламүдүн районундагы 234 гектар жер тилкесин сатууда кирешесин толук көргөзбөй, мунун натыйжасында мүлктү сатуудан түшкөн кирешени мамлекетке төккөн эмес. Башкы прокуратура материалдар Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилгенин маалымдады.
Самаков Салык кызматынын чечимине макул эместигин билдирип, доо арыз менен Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна кайрылды. Анын арызы 2016-жылдын 11-январында каралат.