Экономика министрлиги "эт былтыркы жылга салыштырмалуу 17 пайызга арзандады" деп билдирди

Бишкек шаары, Чүй, Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында эттин баасы былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 17 пайызга арзан болууда. Экономика жана өнөр жай министрлиги 30-декабрда ушундай маалымат таратты. Министрлик эттин арзандашын тоюттун арзандашы менен байланыштырды. "Былтыр бул маалда бир түк чөптүн баасы 269 сом болсо, учурда 115 сомдон сатылууда. Буудайдын баасы да 18,5 пайызга арзандады. Мунун себеби: аба ырайы жакшы болуп, түшүм мол жыйналды. Картошканын баасы былтыркыдан эки эсе арзан болуп жатат",- деп билдирди мекеме.

Өлкөнүн түндүк аймагында кумшекердин баасы былтыркыдан 8 пайызга кымбат болуп жатканы, буга доллардын курсунун жогорулашы себеп экени айтылып, мамлекетибиз өзүн-өзү кумшекер менен 20 пайызга гана камсыздай турганы белгиленди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан