Бишкектин тургундарына Жаңы жылга карата борбордук аянтта чакан концерт тартууланды (фоторепортаж)

Бүгүн, 31-декабрда Бишкектеги борбордук аянтта жаңы жылдык чакан концерт тартууланууда. Анда чогулган элдин көңүлүн алуу аракетин бир катар ырчылар, 50гө чукул Аяз ата менен Аяз кыздардын жуптуктары, маймыл формасын кийген жаштар көрүп жатышат.

Шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова SUPER.KG порталына билдиргендей, концерттик программа уюштурулуп, ыр ырдалып, бий бийленип баштаганда гана эл чогулду. Ага чейин элди чогултуу, атайын чакыруу болгон эмес. "Шаар тургундары иш-чарага күбө болуп, маанайларын көтөрүшүүдө. Жомок каармандары жана Аяз ата баштаган топ балдар үчүн оюн өткөрүп жатышат. Эми бир аз тыныгуудан кийин, саат 21:00дөн баштап Бишкек шаарынын артисттеринин жана кыргыз эстрадасынын жылдыздарынын катышуусунда концерт болот. Концерт 23:50гө чейин пландалган. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүнө орун беребиз. Президентибиздин куттуктоосун аянттагылар үчүн түз алып бермекчибиз. Андан кийин баарыбыз биргеликте жаңы жылды тосуп алабыз",- деди вице-мэр.

"Ала-Тоо" аянтындагы жаңы жылдык шаң
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан