Бүгүн, 31-декабрда Бишкекте Жаңы жылга карата мэрия бир катар иш-чараларды өткөрүп жатат. Алардын катарында көп кабаттуу үйдүн алдындагы короону жасалгалоо боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылып, Москва көчөсүндөгү 44-үйдүн короосу мыкты жасалгаланган деп табылды. Анда кардан бир катар Аяз аталар жасалып, балаты орнотулган. Ошондой эле оюнчуктар илинип, жаңы жылдык маанай толук чагылдырылган.
Бул жайга мэриянын өкүлдөрү, Аяз ата баштаган топ келип, аларды жеңиши менен куттуктады. Мында жашаган балдар ыр айтып, Аяз атадан белек алышты.
Мэриянын өкүлдөрү өз кезегинде жеңүүчүлөрдү куттуктап, мэрия бул үйдүн алдына балдар аянтчасын куруп берерин айтышты.