“2016-жыл - мамлекетибиз үчүн тарыхый маанилүү окуяларга бай жыл”,- деп билдирди премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн 31-декабрдагы жыйынында. Сариев быйыл маанилүү иштер аткарылып баштаганын белгилеп, 2016-жылы алар улантыларын айтты. "2016-жылы эгемендик алганыбызга 25 жыл, 1916-жылдагы каргашалуу окуяларга 100 жыл болот. Бул окуяларды татыктуу деңгээлде белгилөө үчүн өкмөт даярдыкты жогорку сапатта жүргүзүүсү керек",- деди өкмөт башчы.
Премьер-министр 2016-жыл Маданият жана тарых жылы деп жарыяланганын белгилеп, аталган тармактарга көңүл буруу күчөтүлөрүн кошумчалап: “Биз маданиятты колдоо жана аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурабыз. Анын ичинде улуттук маданияттын үлгүлөрүн жайылтууга басым жасалат. Учурдагы коопсуздук маселелери күчөп, терроризм жана экстремизм сыяктуу терс көрүнүштөргө маданиятты өнүктүрүү менен каршы тура алабыз”,- деп билдирди.
Темир Сариев Токтогул ГЭСиндеги кырдаалга токтолуп, учурда жарактан чыккан жабдыктарды оңдоо жана анын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатканын, жаңы жылдык эс алуу күндөрү жарандарга электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин кошумчалады.