Жогорку Кеңеште ипотекалык турак жай менен камсыздоо аракетине тийиштүү мыйзам долбоору талкууланды

Жогорку Кеңеште бүгүн, 31-декабрда ипотекалык каржылоо чараларын жакшыртуу багытындагы "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды.

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Санжар Муканбетовдун айтымында, мыйзам долбоору аркылуу ипотекалык эмиссияларды чыгаруу, берүү, жөнгө салуу иштери жолго коюлат. “Ипотекалык эмиссиянын мамлекеттик баалуу кагаздардай эле наркы бар. Ал жарандарды ипотекалык турак жай менен камсыз кылуу тармагына инвестициялардын кеңири тартылышына жагымдуу шарттарды түзөт”,- дейт Муканбетов.

Мамлекеттик ипотекалык компания түзүлгөнү, ал банктардан баалуу кагаздарды сатып алып, аны текшергенден кийин биржага чыгара турганы, ипотекалык эмиссиялар негизинен улуттук валютада каржыланары жыйында айтылды. Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду бул тармакка 10 миллион доллар каражат салары да маалымдалды.

Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан