Бишкек шаарынын вице-мэри Вячеслав Красиенко жана мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Бакыт Кудайбергенов кызматтан кетүү боюнча арыз жазышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынын башчысы Чынара Усупбаева билдирди. Эскертип кетсек, 11-мартта Бишкек шаардык кеңешинин кезексиз жыйыны болуп, анда шаар башчысына 3 күндүн ичинде аталган кызматкерлерди жана “Тазалык” ишканасынын жетекчисин кызматтан бошотуу талабы коюлган болчу.