* Мындан 72 жыл мурун, 1944-жылы Кыргыз Республикасынын мурдагы Премьер-министри Жумабек Ибраимов Кемин районунун Жаңы-Алыш айылында туулган. 1971-жылы Фрунзе политехникалык институтун бүтүргөн. 1993-1995-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп, 1998-жылы 25-декабрда премьер-министр кызматына дайындалган.
Саясатчы, коомдук ишмер Жумабек Ибраимов 1999-жылы 4-апрелде ашказан оорусунан улам 55 жаш курагында көз жумган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы Жер шарындагы адамдардын саны 7 миллиард 137 миллион 577 750 адамды түздү деп билдирген БУУнун калк жаатындагы фонду. Маалыматка ылайык, Жердеги адамдардын саны 2013-жылы 77 миллион 630 563 адамга өскөн. Төрөлүү боюнча алдынкы орунда Индия, андан соң Кытай, Нигерия, Пакистан жана Эфиопия болгон.

* Мындан 47 жыл мурун, “Сениби, шашпа!” мультфильминин эң биринчи бөлүгү эфирге чыккан. Анын режиссёру – Вячеслав Котёночкин, сценарийин жазгандар – Феликс Камов, Аркадий Хайт, Александр Курляндский, продюсерлери – П.Бабаханян, А.Лебедев, композитору – Виктор Бабушкин, ал эми үндөрүн коштогондор – Клара Румянова (Коён), Анатолий Папанов (Карышкыр), ошондой эле Генадий Хазанов, Владимир Сошальский жана башкалар болушкан.
Тартуучу топ ишке киришкен соң, 1986-жылга чейин мультфильмдин 1-16-бөлүмдөрү тартылган.
Папановдун өлүмүнөн кийин мультфильмди тартууну токтотууну чечишкен, себеби Карышкырдын кайталангыс образын ал адамдан башка эч ким жарата алмак эмес. Бирок үн жазуучу студиянын архивинде Папановдун үнү жазылып калган. Монтаждын жардамы менен сөздөрдөн сүйлөм курап отуруп дагы эки бөлүм тартууга мүмкүнчүлүк пайда болуп, 1994-жылы 17-бөлүм, 1995-жылы 18-бөлүм жарык көргөн. Акыркы 19-20-бөлүмдөрдү жаратуу да планда болгон эмес. 2005-жылы режиссёр Вячеслав Котёночкиндин уулу Алексей “Кристмас Филмз” компаниясынын жардамы менен популярдуу мультсериалдын уландысын тартууну чечкен. Мында Карышкырдын үнү менен белгилүү пародист Игорь Христенко сүйлөсө, Коёнду Ольга Зверева аткарган.
1-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.