Премьер-министр Темир Сариев өлкөбүздүн жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады

Премьер-министр Темир Сариев мамлекетибиздин жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Куттуктоосунда өкмөт башчысы буларды айтты:

"Урматтуу мекендештер!

Урматтуу кыргызстандыктар!

Баарыңыздарды кирип келген жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Өтүп бара жаткан жыл мамлекетибиз үчүн эле эмес, жалпы дүйнө үчүн орошон окуяларга бай, оош-кыйыштуу учурлар менен коштолду. Ошентсе да баарыбыз биргеликте өлкөбүз үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу иштерди жасай алдык.

Биринчиден, 4-октябрда өлкөбүздө ачык-айкын парламенттик шайлоо өткөрүп, жаңы чакырылыштагы парламентти түптөдүк. Муну менен биздин эл, коом терс адаттардан: коррупциялык, кландык, үй-бүлөлүк башкаруудан кеткенибизди далилдей алды. Саясий туруктуулук орноду. Экономикалык жана каржылык көз карандысыздыкты чыңдоого белсене кириштик. Бул элибизге дем берди.

Экинчиден, биз бул жылы кыргыз өлкөсүнүн келечеги үчүн маанилүү болгон Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу, тең укуктуу мүчөсү болуп, интеграциялык өнүгүү жолубузду тандап алдык. Ошондой эле өтүп бара жаткан жылы энергетикалык көз карандысыздыкка жетишип, гидроэнергетикалык системди толук башкарууга мүмкүнчүлүк алдык. “Датка-Кемин” жогорку чыңалуудагы линиясы тарыхый долбоордун ишке ашышы болуп калды.

Быйыл өлкөдөгү жолдорду куруу күрдөөлдүү жүрдү, ички жолдорду оңдоо активдешти. Аймактагы аэропорттор ишин жандантып, муну ошол жердеги эл өзү да сезип турду. Улуттук экономиканы колдоо жаатында өнөр жайды жандантууга басым жасалып, коопсуздукту бекемдөө багытында иштер активдүү жүрүп жатат. Билим берүү тармагында жаш жеткинчектердин татыктуу билим алышына шарт түзүү жаатында кыйла демдүү иштер башталды. Буюрса, келерки жылы бул иштерди улантып, басмайылды бекем тартып, дагы күрдөөлдүү иштерди улантабыз.

Урматтуу мекендештер!

Жыл тогошор алдында өлкөбүздүн ар бир жаранына, ар бир мекендешиме терең таазим этүү менен жарандык бекем позицияңыздарга, өлкөнү өнүктүрүү үчүн аракеттериңиздерге, кубаттуу, байгер кыргыз мамлекетин курууга болгон асыл максаттарыңыздарга ыраазычылык билдирем. Биздин эң негизги байлыгыбыз - элибиз. Элдин ишеничи бизге опол тоодой жөлөк, тирек.

Өкмөттүн башкы максаты - өлкөбүздүн ар бир жаранына бакубат, татыктуу жашоо, келечек куруу. Бул асыл максатка жетиш үчүн ар бир жаран талбай эмгектенип, тартип жана мыйзамдуулукту бекем сактап, жоопкерчиликти сезе билүүгө тийиш. Биз учурдагы абалды жакшы билебиз, кетирилип жаткан кемчиликтердин үстүнөн иштеп жатабыз. Эл алдында, тарых алдында, келечек алдындагы жоопкерчиликти жакшы түшүнөбүз. Бизге жүктөлгөн жоопкерчиликти татыктуу аткарууга ниетибиз бекем, эркибиз жетиштүү.

Кадырлуу журтум!

Тирүүлүктүн кербени сапарын улап, жыл жаңырып жатат. Адатта, ата-бабалар Ай жаңырганда:

“Ай көрдүм, аман көрдүм.

Бакырга бай, жакырга бар заман көрдүм.

Айдан аман, жылдан эсен бололу,

Өсүп-өнүп тололу”,- деп тилек кылышкан.

Мына эми жыл жаңырып, жаңы жыл кирип келгени турат. Жаңырган жылда Жараткандан жакшылык тилейли. Элибиз аман, журтубуз эсен болсун. Жергебизге бакыт кушу консун. Кампабыз данга, дасторконубуз нанга толсун. Урпактарыбыз эстүү, нускалуу кептүү, тукуму тектүү болсун. Ырысыбыз болсун. Эл ичи тынч болсун, эмгек кайнап, береке жайнап турсун. Жүрөгүңүздөрдө дайыма изги тилектер, жакшылык толуп турсун! Жаңы жыл баарыбыз үчүн ак жолтой, берекелүү жылдардан болсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан