Асылбек Жээнбеков: “Жаңырган жыл жакшылыктар жылоологон, жалпы журтчулугубузга жаңы ийгиликтерди ыроологон ак жолтой жыл болсун!”

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 31-декабрда Кыргыз Республикасынын элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Төраганын куттуктоосу:

"Урматтуу мекендештер!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жаңы 2016-жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Жаңырган жыл жакшылыктар жылоологон, жалпы журтчулугубузга жаңы ийгиликтерди ыроологон ак жолтой жыл болсун!

Узап бараткан жылыбыз негизинен тынчтыктын, жаратман эмгектин, алгылыктуу ийгиликтердин жылы болду. Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине кошулду. Бул өлкөбүздүн турмушундагы зор окуя болору бышык, анткени кеңири аймактагы ири рынокко интеграциялануу менен экономика тармагын өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк ачылды. Буга тийиштүү мыйзамдар Жогорку Кеңештен өз убагында ратификациядан өтүп, президентибиз кол койду.

Жаңы технологияларды колдонуу менен акыйкат жана таза шайлоо өткөрүүнү камсыз кылган мыйзам базасы түптөлдү. Натыйжада Кыргыз Республикасынын тарыхында президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин демилгеси менен, жалпы сиздердин колдооңуздар менен эң таза, адилеттүү парламенттик шайлоо өткөрүлдү. Анын жыйынтыгын дүйнө коомчулугу таанып, жогорку баасын берди. Эң башкысы, элибиз таза шайлоо аркылуу алыскы жана жакынкы мамлекеттерге үлгү көрсөттү. Муну менен эле токтоп калбастан, шайлоолор боюнча мыйзам базасын өркүндөтүүнү улантабыз.

Стратегиялык маанидеги жолдорду куруу үчүн тиешелүү мыйзамдар парламент тарабынан кечиктирилбестен ратификацияланды. Мамлекетибиздин түндүгү менен түштүгүн бириктирүүчү, ар кайсы аймактардын экономикалык байланышын чыңдоого багытталган ири жолдор курулууда.

Өлкөбүздүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана коопсуздугун камсыз кылууга карай чечкиндүү кадамдар жасалып, ири ийгиликтер жаралды. Алдыда дагы бир катар энергетикалык долбоорлорду аткаруу милдети турат.

Акыркы жылдары салтка айланып калган жакшы жөрөлгөнү улай Жогорку Кеңеш 2016-жылдагы республикалык бюджетти убагында кабыл алды. Бул негизинен социалдык багыттагы бюджет болду. Буюрса, жалпы чыгымдардын 50 пайыздан ашыгы калкыбыздын социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө арналат.

2016-жыл эгемен Кыргыз Республикасынын тарыхындагы өзгөчө жыл, себеби өлкөбүздүн көз карандысыздыгына чейрек кылым толот. Келе жаткан жылы дагы өлкөнү өнүктүрүү иштери улантылып, орчундуу кадамдар жасалары күтүлүүдө. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышынын негизги күч-аракети саясий-экономикалык абалды турукташтырууга жумшалса, VI чакырылыш кыргыз өлкөсүн мындан ары өнүктүрүүнү өзүнүн башкы максаты катары эсептейт. Биздин алдыга койгон милдеттердин арасына административдик-аймактык реформанын мыйзам базасын түзүү жана аны жүзөгө ашыруу, сот реформасын аягына чыгаруу, күч түзүмдөрүн реформалоо, экономикабызды Евразия аймагына ийгиликтүү ыңгайлаштыруу, социалдык коргоону артыкчылыктуу багыт катары ишке ашыруу, жергиликтүү шайлоолорду адилет жана таза өткөрүү, саясий туруктуулукту камсыз кылууга багытталган парламенттик демократияны мындан ары да бекемдөө кирет.

Дүйнө экономикасындагы кризистин, мамлекеттер ортосундагы геоэкономикалык жана геосаясий күрөштүн шартында мындай милдеттерди жүзөгө ашыруу оңой-олтоңго турбайт. Барга шүгүр кылып, турмуштук сыноолорго туруштук берип, алган багытыбыздан тайбашыбыз кажет. Ал жалпы мамлекетибиздин элинин күжүрмөн аракеттерин талап кылат. Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгү жогорудагы иштер аркылуу чыңдалат. Элибиздин даанышмандыгынын аркасында гана кылымдарды карыткан кыргыз көчү сапарын улап, дүйнөлүк коомчулуктагы өзүбүздүн тарыхый ордубузду ишенимдүү ээлей алдык.

Урматтуу кыргызстандыктар, баарыбыз эртеңки бакубат турмушту камсыз кылууга багытталган бийик максаттардын айланасында баш кошолу! Ынтымак бар жерге ырыс уялайт.

Урматтуу мекендештер, жалпыңыздарды дагы бир ирет жаңы жылыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, бакубат турмуш, үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалаймын! Баарыбызды Жараткан өзү колдосун!

Дагы бир жолу, урматтуу мекендештер, жаңы жылыңыздар менен! Дайыма жакшылык болсун!"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбековдун жаңы жылдык куттуктоосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан