Президент 2016-жылдын республикалык бюджетин бекитти

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 31-декабрда "2016-жылдын республикалык бюджети, 2017-2018-жылдарга болжолу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Башкы каржылык документти Жогорку Кеңеш 24-декабрда кабыл алган эле.

Кийинки жылга республикалык бюджеттин кирешеси 124,4 миллиард сом, чыгымы 146,8 миллиард сом, дефицит 22 миллиард 454 миллион сом деп бекитилди. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2016-жылы 21 миллиард 870 миллион сом жумшоо пландалууда. "Капиталдык салымдар" беренеси кийинки жылы 4 миллиард 760 миллион 900 миң сом суммасында каржыланмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан