Президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын жарандарын Жаңы жыл майрамы менен куттуктады.
Куттуктоодо булар айтылат:
“Урматтуу мекендештерим!
Ардактуу агайын-туугандар!
Мына, ар бирибиз күткөн ирмемдер да келип калды. Дасторконду жайып, өткөндү эстеп, эртеңкиден жакшылык тилеп отурабыз. Албетте, биринчиден, өтүп бараткан 2015-жылга рахмат айтсак. Кандай болсо да аман-эсен жаңы жылды тосуп жатабыз. Өтүп бараткан жылда бир топ жакшылыкка да күбө болдук.
"Кыргыз мамлекети жок болот, эли кор болот" дегендердин тилеги таш каап, саныбыз 6 миллионго жетти!Элибизди, жерибизди колдогон Кудайга рахмат! Кандай зор кыйынчылыктар болсо да, Жараткан элибизди, жерибизди дайыма сактап, коргоп келатат.
Улуу тоолорду аралап узак жолдор салынып жатат. “Жолу оңолгондун иши оңолот” дегендей, 2015-жылы бүт өлкө боюнча жолдор оңдолуп баштады. Парламенттик шайлоону адилет жана тынч өткөрдүк. Бул да чоң жакшылык. "Датка-Кемин" электр линиясы ишке берилип, коңшуларга кор болбой калдык. Бул, чындыгында, тарыхый окуя.
Эң негизгиси, жерибизде тынчтык, эл ичинде ынтымак болгондо гана оомат ооп келерин көрдүк. Ак эмгек менен адил сөз гана ар бир жаранды дөөлөткө жеткирерин көрдүк. Кирип келе жаткан 2016-жылы эгемендүү мамлекетибиз болгону 25 жашка толот. Кыргызстандыктар дүйнөдө калкы жаш өлкөлөрдүн катарына кирет. Мамлекетибиз жаш болгону менен, элибиз кылымдарды карыткан эң байыркы элдердин бири. “Өткөнүн унуткан келечекке жол таба албайт” деген сөз бар. Ошондуктан тарыхыбызды, өткөн жолдорубузду изилдеп, элибиздин келечеги үчүн өмүрүн берген ата-бабаларыбызды эскерип, тилибизди, дилибизди, маданиятыбызды көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз керек. Бирөөлөрдү ээрчип, маңкурт болбошубуз зарыл. Кыргыз көчү эч качан үзүлбөшү керек...
Тилекке каршы, дүйнөдөгү акыркы каргашалуу окуялар бардык өлкөлөргө, анын ичинде мамлекетибизге да кесепеттерин тийгизүүдө. Бирок кандай гана кыйынчылыктар болбосун, элибизди кайыштай чыйралтып, намыс менен чыгып келгенбиз. Биз өткөн тайгак кечүүлөрдөн далай элдер, далай өлкөлөр өтө албай кыйналып турат.
“Ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, жолдогу таштар, ар кайсы кыйынчылыктар, ушак менен көрө албастык бизди токтото албайт. Кыргыз эли өзүнүн жолун тапкан, Кудайга шүгүр. Эми көчүбүз жылдан-жылга түзөлүп, токтобой алга, келечекке баратат.
Жамандыкты амандык жеңет... Аман-эсен болгула, мекендештерим менин! Алла Таала ар бир үй-бүлөгө жакшылык, дөөлөт берсин! Ар бириңиздерге узун өмүр, бакыт-таалай каалайм!
Жараткан өлкөбүздү бөөдө кырсыктан сактасын! Элибизге ынтымак, жерибизге береке берсин!
Жаңы жылыңыздар менен!”