Бишкектин тургундары үчүн борбордук "Ала-Тоо" аянтында жыл сайын Жаңы жыл майрамында концерттик программалар көрсөтүлүп, ар кандай оюн-зооктор уюштурулат. Салтка айлангандай, бул жылы да Жаңы жылды тосууга чыккандар, соода кылууга, коопсуздукту сактоого, аянтты таштандыдан тазалоого чыккандар болду.
Аянт ар кайсы майрамдан кийинки кейпин кийип, быйыл да таштандыга толду. "Биз таза шаар үчүн. Келгиле, тазалап кетебиз" деп 2-3 кыз басып баратып таштандыларды чогултуп жатты. Ал эми атайын кызматкерлер, Жаңы жыл үй-бүлөлүк майрам экенине карабастан, өз жумушун аткарууга аянтка убагында келишти. Таң атканча аянтты жана анын тегерегиндеги көчөлөрдү жыйноого үлгүрүштү. Алардын бул иши мактоого татырлык. "Тазалаган жер эмес, булганбаган жер таза" демекчи, тургундарды шаарыбызды булгабоого чакырып кетебиз.
Назарыңызда Жаңы жыл тосулуп бүткөндөн кийинки аянтыбыздын абалы тууралуу фоторепортаж.