Азимбек Бекназаров "Ташиевдин эмоционалдуу экенин Ош окуясында көргөм" дейт
Бүгүн, 15-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов жана Садыр Жапаровго карата козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө. Буга чейин соттук иш дээрлик аяктап калганы айтылган, учурда жарыш сөз уланып жатат. Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров сөз сүйлөп, анда "Камчыбек өзү эмоционалдуу жигит, муну мен Оштогу июнь окуясында көргөм. 3-октябрдагы митингде ал мыйзам бузган жок",- деди. Айта кетсек, кечээ мамлекеттик айыптоочулар депутаттарды 9-10 жылга эркинен ажыратууну соттон сурашкан.