Бүгүн, 1-январда таңкы саат 04:15 чамасында кыргыз-өзбек чек арасында күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту билдирди.
Жер титирөөнүн очогу Жалал-Абад шаарынан түштүк-батышка карай 35 чакырым, Ош шаарынан түндүк-батышка карай 40 чакырым аралыкта жайгашып, Төш, Арал, Хаджир-Абад айылдарында 5 балл, Сузак, Базар-Коргон райондорунда 4,5 балл, Жалал-Абад шаарында, Кочкор-Атада 4 балл, Ош, Көк-Жаңгак, Өзгөндө 3 баллга сезилди. Алдын ала алынган маалымат боюнча, кыйроолор жана жабыркагандар жок.