Дубайда Жаңы жыл майрамы белгиленип жатканда 63 кабаттуу мейманканадан өрт чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт кырсыгы 20-кабаттан чыккан. Өрт өчүрүүчүлөр жана полиция кызматкерлери окуя болгон жерге келип, андан жүздөгөн адамдар эвакуацияланган. 20га чукул адамдын жаракат алганы жана 1 адамдын көз жумганы айтылууда. Учурда өрттүн себептери аныкталып, чыгымдар эсептелип жатат.