Жаңы жыл түнү Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 650 кайрылуу түштү

Өткөн сутка ичинде Бишкектеги "Тез жардам" станциясына 650 кайрылуу түштү. Белгилүү болгондой, анын ичинен 469 кайрылуу боюнча медициналык тез жардам көрсөтүлүп, 181 кайрылуу боюнча Үй-бүлөлүк медицина борборлоруна багыттама берилсе, 89 адам ооруканаларга жаткырылды. Бул тууралуу "Тез жардам" станциясынан билдиришти.

Аталган мезгилде "Тез жардам" станциясы тарабынан 5 биологиялык өлүм, белгисиз адамдар тарабынан сабалган 2 факт жана 3 жол кырсыгы катталды. Маалыматка караганда, Ибраимов-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде орун алган жол кырсыгынан 2 адам баш сөөгүнөн жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jorobek.kg
2016-01-01 13:26:26
Мына жаңы жыл
+2
Ern
2016-01-01 13:30:02
Жаңы жыл деп ичип алып машина айдашса керек да
+7
Rifle_2
2016-01-01 18:37:54
Ern, мага ичип алып, башы ооруп кайрылгандар көп болду.
+2
sagyn01
2016-01-01 13:41:43
Обычно кундору орточо канча кайрылуу тушчу, ошону да тактап жазып койсонор жакшы болмок, салыштырма учун
+9
Decmond
2016-01-01 13:53:42
Мына жаны жыл
+1
dasta
2016-01-01 14:10:13
Аллах таала Ар бир пенденин пешенесине жаазып койгон ал нерседен кутулуп болбойт
+6
oljazbek
2016-01-02 07:43:16
АЛЛАХ жашоону жеңил кылып берди бизге,озубуз татаал кылып алабызда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан