Бишкекте ырчы достор Мирбек Иманбеков, Акбар Сүйүнбаев жана Султан Садыралиев "Достор" деген аталышта концерт коюп жатышат. Анда ырлар жандуу үн менен аткарылууда.
Концерт маалында Мирбек Иманбеков 7 жаштагы кызы Аруукени элге тааныштырып, анын буга чейин сахнада ырдоо тилегин айтып келгенине токтолду. "Кызымдын суранычын четке какпай, бул концертте анын сахнага чыгуусуна шарт түзөм" деген ырчы кызына микрофонду сунду. Арууке алгач "Атам менен энеме" деген ырды жогорку деңгээлде аткарды. Көрүүчүлөр аны ыры бүткөнчө колдоого алып, сүрөп турушту. Андан кийин жаш талант көпчүлүктүн суранычы менен "Ата-эне" чыгармасын аткарып берди.
Кызы ырдап бүткөндө М.Иманбеков элге "кызым менден жакшы ырдайт" деди. Алып баруучу Чыңгыз Мырзаев Мирбекке "Эми ошону айтуунун кажети бар беле?" деп айтып, тамашага салды.