14-мартта Бишкек шаарында жашы жете элек кызды зордуктоо кылмышына шектүү 36 жаштагы Н.Д. аттуу жаран кармалды. Бишкек шаардык ИИББинин маалыматы боюнча, жабыркаган 15 жаштагы кыздын энеси милицияга арыз менен кайрылган. Буга байланыштуу укук коргоо кызматкерлери аталган шаар тургунун колго түшүрүштү. Окуя боюнча учурда тергөө иштери уланууда.