Ырчылар Акбар, Cултан жана Мирбек тандалган ырларын ырдап, элге жаңы жылдык маанай тартуулашты (фоторепортаж)

Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда 2016-жылдын эсебинен алгачкы чоң концерт өттү. Жаңырган жылдын биринчи күнүндө орун алган концерт "Достор" деп аталып, ырчы достор Султан Садыралиев, Акбар Сүйүнбаев жана Мирбек Иманбеков тарабынан эл назарына коюлду. Келген эл Спорт Ордосунун концерттик залынын 70 пайызын ээледи. Алгач достор чогуу 3-4 ырды аткарып, андан кийин бирден сахнага чыгып, жалгыз-жалгыздан обон созушту. Күндүн каармандары ырларды жандуу үн менен обого жаңыртып, жандуу музыканын коштоосунда ырдашты. Бул күнү 3 гана ырчы конок катары ырдаса, "Ак-Өргө City`нин" куудул жигиттери элге күлкү тартуулашты.

30 жашка чыккан бул жигиттер мындан 10 жыл мурун укмуштуудай атактуулукка жеткени эсиңиздерде болсо керек. Ооба, анда алардын бирөөнүн эле концертинде Спорт Ордосуна эл батпай калчу. Ошол кезде үч ырчы биригип концерт берсе, Спорт Ордосун мындай коюңуз, башкы стадионго элди батыруу кыйын болуп калмак. Андан бери көп нерсе өзгөргөнүн ырчылар өз сөздөрүндө айтып өтүштү. Анда телефонго видеого тартып, сахнага жулунган күйөрман кыздар бүгүн татыктуу энелик бакытка жулунган келин болушкан. Баягы жалтырактарга кызыгып, бул ырчыларды күйөрман туткандар жыл санап азаюуда. Ошол эле учурда жыл санап анык күйөрмандар гана иргелип жатат. Алардын мурункуга салыштырмалуу аз келгенинин биринчи себеби ушул. Экинчи себебин Жаңы жыл майрамына байланыштырууга болот.

Султан, Мирбек жана Акбардын “Достор” аттуу концерти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
saipi
2016-01-02 00:40:47
Azamat baldar
+2
AiBoru
2016-01-02 01:05:17
Сахна жасалгасы ото эле жупуну го, эч болбосо жаны жылдык жасалга кылып коюшса болмок.
Рекламаны жакшы беришкен жок го дейм, мен бугун эле уктум алардын концертин. Ошо учунэл аз келген окшойт
+5
makemake1979
2016-01-02 01:15:01
Азаматсынар эми калбагыла центрда дагы чыгат чала молдолор ыр куноо деп эми эле араб тилин окуп уйронгондор а так ийгилик силерге
+4
zinaniz
2016-01-02 01:57:13
Акбар джинсы кийбей эле койсо болмок.Бул деген сахна го...
+3
akzuura
2016-01-02 09:00:26
zinaniz,чын эле жарашпай калыптыр.
+2
Jaka1978
2016-01-02 03:46:30
Ырлары деле жок уккулуктуу,Султан кичине ырдап калбаса,берки экоонон дайын деле жок го,эмне деген ырлады ырдашат
+1
Jaka1978
2016-01-02 03:47:27
Бек Борбиев берчу эле го жылда биринде,ал кайда кеткен
+1
akzuura
2016-01-02 08:59:02
Jaka1978,бек байке өзү 3 күниконцерст берет экен)
0
jemile
2016-01-02 08:31:56
Курсактуу мырзалар болушуптурго..
+1
BemochkaToktogula
2016-01-02 09:51:01
Концерт соонун болду. Жандуу ырдашты. Бир нерсеси эле жакпай калды. Жанагы ырчылардын аркасындагы бийлеп турган кичинекей бийчилер, бирин-бири карап, кайталап, айтор жаны эле бий топко келип эле сахнага чыгып алганы белгилуу болду.
+2
barsbek88
2016-01-02 11:58:30
Мага вообще жаккан даярдыктары начар
+2
barsbek88
2016-01-02 11:59:22
Мага вообще жаккан жок
0
anjela500
2016-01-02 13:13:16
концерт кандай болду айтып бергилечи ким барган болсо
0
Sema04
2016-01-02 15:56:53
Аке Уке Мике Саке молодцы!!!
+1
ermek19
2016-01-03 19:40:30
Мен концерке жакшы маанай менен баргам. бирок ортолоп калганда эле кетип калдым дайардык жана оздорун алып журуу ото жаккан жок болгону Султан которгондой болду окшойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан