Кыргыз улуттук филармониясы Жаңы жылга карата мыкты жасалгаланган административдик мекеме деп табылды

Шаардагы административдик мекемелерди Жаңы жылга карата жасалгалоо боюнча сынакта Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы биринчи орунду алды. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы Улуттук филармониянын жетекчилигин жеңиши менен куттуктап, салтанаттуу түрдө сертификат тапшырды.

Айта кетсек, буга чейин шаар башкармалыгы көп кабаттуу үйдүн алдындагы короону жасалгалоо боюнча сынактын жыйынтыгын чыгарып, Москва көчөсүндөгү 44-үйдүн короосу мыкты жасалгаланган деп табылган. Мэриянын өкүлдөрү жеңүүчүлөрдү куттуктап, бул үйдүн алдына балдар аянтчасын куруп берерин айтышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан