Аялдар колониясы Жаңы жылды карнавал жана дискотека менен тосту

№2-аялдар колониясында жаңы жылдык карнавал өттү. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарада соттолгон аялдарга арналган куттуктоо сөздөрүн мекеменин башчысы Т.Ыймашев, Кызыл Крест Эл аралык комитетинин өкүлдөрү айтышты. Колонияда отурган 10 аялга башчынын буйругу менен баалуу белектер ыйгарылды, 19 аялга 200 сомдон 600 сомго чейин акчалай сыйлык берилди жана 111 аялга ыраазычылык жарыяланды. 17 аялга кошумча узак мөөнөттүк, 27 аялга кыска мөөнөттүк жолугушуу өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Мындан тышкары ар бир бөлүмгө белек катары идиш-аяктар тапшырылды. Мекеменин жашоосуна активдүү катышкан 50 соттолгон аялга жеке белектер берилди. Майрамдык иш-чаранын алкагында концерт өткөрүлүп, ага "Музаман" эстрада тобу катышты. Карнавал дискотека менен аяктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
makemake1979
2016-01-02 12:11:04
Аял заты кандай болсо да энебиз,эжебиз карындаш,турмуш жарыбыз аман болушсун
+4
Umnitsa
2016-01-02 14:10:36
Жашоо камактагылардыкы болтаткенда, кылгылыкты кылып камалгандан кийин же иштебей бекер мамлекеттен белектерди, сыйлыктарды алып...
-7
Parish
2016-01-02 14:41:22
Umnitsa, ээ зоонанын бетин нары
кылсын.каяктан жыргал болмок
темирдин ичинде отурса.Суу менен
нан жесен да эркин жургону жакшы.
+4
Alicia
2016-01-04 10:57:58
algan belekteri kyska , uzun moonottogu jolugushuular bolup atsa emnesi jyrgal
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан