Жалал-Абад. 2015-жылы мыкты кызмат кылган укук коргоочулар төш белгилер менен сыйланышты

31-декабрда Жаңы жылды тосуу алдында Жалал-Абад облусунда милициянын ардагерлери жана катардагы милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин төш белгилери жана атайын наамдары менен сыйланышты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган сыйлыктарды тапшыруу учурунда Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Жеңиш Жоробеков кесиптештерин мекенди сүйүп кызмат кылууга үндөп, тартипти бекем сактоого чакырды. "Ар бир милиция кызматкеринин аткарган иштери мекенди коргоп, коомдук абалды туруктуу сактап, элдин тынч жашоосун камсыздоого багытталат. Мына ушундай түйшүктүү ишиңерде ийгилик болсун!"- деп куттуктады Ж.Жоробеков.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын атайын отрядынын кызматкери, милициянын ага лейтенанты, Азиянын күжүрмөн самбо боюнча чемпиону Кубанычбек Көкүмовго мөөнөтүнөн мурда "милициянын капитаны" чини ыйгарылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан