Индияда авиабазага кол салган 4 экстремист жок кылынды

Индиянын Пенжаб штатында өлкөнүн Аба аскер күчтөрү базасына экстремисттер кол салышты. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга ылайык, кол салган 4 адамдын баары жок кылынды, мындан тышкары ок атышууда 2 аскер кызматкери каза тапты. "Аскер авиабазасындагы учактарга жана тик учактарга зыян болгон жок. Учурда индиялык аскерлер текшерүү иштерин жүргүзүшүүдө. Алдын ала билдирүүлөр боюнча, экстремисттер Пакистандан келишип, полиция унаасын уурдап, авиабазанын аймагына киришкен. Алар "Жаиш-е-Мухаммад" экстремисттик тобунун мүчөлөрү экени айтылууда. Алардын максаты Индия менен Пакистандын ортосунда бекемделип бараткан достук мамилелерди бузуу болушу мүмкүн",- деп жазышат басылмалар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан