* Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы төкмө акын, актёр, режиссёр Орозбек Кутманалиев 72 жаш курагында көз жумган.
Орозбек Кутманалиев 1933-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. 1950-жылдан баштап өздүк көркөм чыгармачылык менен иштей баштаган. 1955-жылы акын-импровизатор катары Ардак баракчасы менен сыйланган. Кийин Республикалык куурчак театрына актёр катары чакырылган. 1965-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына солист катары ишке кирген. 1969-1973-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде режиссёр болуп эмгектенген. 1973-1974-жылдары Кыргыз улуттук драма театрында актёр, 1975-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр болгон. Алгачкы жолу 1965-жылы "Алымкан" телефильминде роль жараткан.
* Мындан 60 жыл мурун, 1956-жылы америкалык актёр Мэл Гибсон АКШнын Нью-Йорк штатындагы Пикскилл аттуу жерде туулган. Ал "Неудержимые 3", "Мачете убивает", "Весёлые каникулы", "Возмездие", "Человек без лица" жана башка тасмаларда мыкты ролдорду жараткан. Ал эми "Храброе сердце" тасмасына режиссёрлук кылганы үчүн "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарына ээ болгон.
* Мындан 39 жыл мурун, 1976-жылы 1-апрелде америкалык Стив Жобс өнөктөшү Стив Возняк менен бирге "Apple Computer" компаниясын негиздеп, бир жылдан кийин“ Apple” компаниясы алгачкы компьютерин чыгарган.
* Мындан 27 жыл мурун, 1989-жылы АКШнын президенти Жорж Буш менен КПСС Борбордук комитетинин башчысы Михаил Горбачёв официалдуу түрдө эки өлкө атаандаш болбой, кансыз согушту токтоткондуктарын жарыялашкан.
3-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.