2015-жылдын соңунда Жалал-Абад облусунда тинтүү иштери жүргүзүлүп, диний-экстремисттик багыттагы ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча шектүү адамдар кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен райондорунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпысынан 130 даана китеп, 1 модем, 44 баракча, 2 сим-карта, 194 диск, 4 флешка, 30 видеокассета, 1 видеокамера жана 1 “Бекас” үлгүсүндөгү ок атуучу курал шаймандары менен табылган. Аталган иш-аракеттердин негизинде соттук-теологиялык экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
"Тинтүү иштерин ИИМдин 10-Башкы башкармалыгы, Жалал-Абад ОИИБинин 10-бөлүмү жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы биргеликте, диний экстремизмдин алдын алуу жана терроризмге каршы күрөшүү максатында соттун уруксаты менен жүргүзүштү",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, ушул сыяктуу ыкчам аракеттенүү иштеринин натыйжасында 24-декабрда Жалал-Абад шаарынын борборундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринен диний экстремизмге тиешеси бар делген адамдар кармалган.