Бүгүн, 2-январда Ош шаарында КРнын Президентинин алдындагы "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду тарабынан мечит имамдарынын билимин жогорулатуу боюнча окуу курстары башталды. Бул тууралуу облустук казыяттан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган окуу курсу 1-этап болуп эсептелинет жана ага Баткен облусунан 180 имам, Ош облусунан 15 имам катышууда. Окуу курсу 12 күнгө созулат. Курстун кийинки уюштурулуусунда Ош облусунан 807 имам кезек-кезеги менен 14-февралга чейин 4 этап менен окутулмакчы. Анда имамдар диний билимин гана жогорулатпастан, лидерлик жөндөм, компьютердик жана мобилдик технологияларды пайдалануу жана интернет, WhatsApp менен иштөөнү өздөштүрүшөт. Мындай окутуудан өткөн имамдар элге динди жайылтууну жана муфтиятка отчёт берүүнү электрондук түрдө ишке ашыра башташмакчы.
Эскерте кетсек, аталган окуу курсунун 2-этабы 15-январда башталып, анда Алай, Чоң-Алай, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун 215 имамы окутулат.