Орусия жаштарды жана өспүрүмдөрдү мекенди сүйүүгө, өз өлкөсүнүн патриоту болууга тарбиялоо үчүн 5 жылдык программа иштеп чыкты. Бул программанын алкагында мамлекет 1,6 миллиард рубль сарптоо алдында турат. Бул тууралуу 2-январда орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, бул каражаттан 1,57 миллиард рубль федералдык бюджеттен каралса, 92,5 миллион рубль башка булактардан каржыланмакчы. Долбоордун башкы максаты өлкөнүн кызыкчылыктарына туура мамиле кылып, анын өнүгүшүнө салым кошкон, мекенди сүйгөн жарандарды тарбиялоо болуп саналат.
Бул долбоор жаштарды тарбиялоо жаатында жакшы көрүнүш катары бааланууда. Азыркы учурда жаштарды тарбиялоого мектеп партасында гана көңүл буруп, окуудан тышкаркы убактарда жаштарга тиешелүү тарбия бере албаган мамлекеттердин саны көп.