Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 15 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарындагы Жайыл баатыр көчөсүндө “Кара-Балта” мейманканасы өрттөнгөн. Бөлмөдөгү 1 керебет, матрац, төшөнчүлөр жана 2 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Мейманкананын 2 кабаты түтүнгө толуп, 12 адам эвакуацияланган. Өрттүн себеби такталууда.
Мындан тышкары Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Гроздь айылындагы үйлөрдүн батиринде өрт чыккан. Турак бөлмөдө 1 керебет, төшөнчүлөр, 20 чарчы метр жыгач пол күйгөн. Өрт чыккан жерден жашы 30 чамасындагы кыргыз улутундагы адамдын түтүнгө ууланган жансыз денеси табылган. Өрттүн себеби тамеки тартуудагы этиятсыздык экени анык болду.