Жылнаама, 4-январь: Мындан 105 жыл мурун Кеминде күчү 10 баллга жеткен жер титирөө катталган

* Мындан 105 жыл мурун, 1911-жылы Кеминде күчтүү жер титирөө (болжол менен 9-10 балл) катталган. Бир канча секунданын ичинде узундугу 200 метр, тереңдиги 8 метрге жеткен жер жаракасы пайда болгон (Бишкек менен Боом капчыгайынын жолунун четиндеги жарака). Зилзала күчтүү болгону менен, калктын көпчүлүгү боз үйдө жашагандыктан, курмандык анчалык көп болгон эмес. Болжол менен 500гө жакын адам каза болгон.

* Мындан 74 жыл мурун, 1942-жылы акын, тамсилчи, бир катар насыят, санат, терме ырларынын жана поэмалардын автору Тоголок Молдо (Байымбет Абдырахман уулу) 82 жаш курагында кайтыш болгон.

Тоголок Молдо 1860-жылы 17-июнда Нарын өрөөнүнүн Куртка айылында туулган. Кийин Музооке ырчыдан тарбия алган. Ырды 14 жашынан жаза баштаган. Көбүнчө сүйүү ырларына кайрылган. 18 жашында Тыныбек манасчыга жолугуп, кошо жүрүп "Манасты" үйрөнгөн. Чыгармачылыгы көп кырдуу, тематикага бай. "Шырдакбек", "Жаңыл Мырза", "Мендирман" дастандарын айтып, жаздырган. "Манасты", "Семетейди" да айтып элди көп кыдырган, санжыра жазган. Кошок ырлары да көп болгон. Фольклордук сюжеттеги "Кемпир-чал", "Бабырган", "Телибай тентек" жана башка көптөгөн сатиралык ырлары тамсилдери бар. Акындын ысымы көптөгөн айылдарга, көчөлөргө коюлган. Тоголок Молдо Ардак белгиси ордени менен сыйланган.

* Мындан 73 жыл мурун, 1943-жылы таасирдүү америкалык "Тайм" журналы 1942-жылдын жыйынтыгын чыгарып, И.В.Сталинди "Жыл адамы" деп тааныган.

* Мындан 6 жыл мурун, 2010-жылы Дубайда 160 кабаттуу, бийиктиги 828 метр келген дүйнөдөгү эң бийик имарат "Бурж-Халифтин" ачылыш аземи болуп өткөн. Ири имараттын курулушу дээрлик 5 жылга созулуп, ага 1,5 миллиард доллар сарпталган. Ачылышына 6 миң адам катышып, майрам фейерверктер менен коштолгон. Ачылыш аземинин түз берилишин дүйнөнүн 2 миллиарддан ашык адамы көргөн. Имараттын негизги бөлүгү кеңселерге берилген. Антсе да анда ресторандар, бассейндер, мейманкана бөлмөлөрү жайгашкан. Мейманкананын дизайнын айтылуу Жоржио Армани иштеп чыккан. Имарат кызмат көрсөтүүчү адамдарды кошкондо 12 миң адамды батыра алган.

4-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
jemile
2016-01-03 20:28:55
Боз үйдүн керемети бул да болсо..
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан