Нарын облусунун Нарын шаарында 2025-аскер бөлүгүнүн жанындагы асма көпүрөнүн алдынан суудагы ташка кыпчылып калган адамдын денеси табылган. Бул тууралуу 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ал Нарын районунун Жерге-Тал айылынын тургуну, 1955-жылы туулган Бектурсун Максуталиев экендиги аныкталган. Куткаруучулар денени суудан алып чыгышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.