Өткөн сутка ичинде Жарандык коргонуунун Өрткө каршы кызматынын маалыматы боюнча, республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районунун Орто-Сай айылындагы мончонун морунун тегерегиндеги 16 чарчы метр жыгачтан жасалган шыбы, дубалдары күйгөн. Өрт мордун туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыккан.
Москва районунун Беловодск айылындагы “Мээрим-монитор” үй-бүлө тибиндеги балдар үйүнүн металл менен жабылган ашканасынын, кампасынын 56 чарчы метр чатыры, шифер менен жабылган фойесинин 35 чарчы метр чатыры, ашкана эмереги, 3 эшик, 2 терезе күйгөн. 1 тарбиячы жана 3 бала өрт өчүрүүчүлөр тарабынан куткарылган. Өрт кырсыгы электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан.
Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасында А.Жунушбаевге таандык Форд-Транзит үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрт электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан улам болгон.