ӨКМ тоолуу аймактарда лыжа, чана тебүүдө жана карда жүрүүчү унааларды айдоодо этият болууга чакырды

Кыргыз жеринин тоолуу райондорунда апрель айына чейин кар көчкү түшүү коркунучу сакталып турат. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрлик кышкы убакта тоолуу аймактарда лыжа, чана тебүүдө, квадроциклде жана карда жүрүүчү унааларды айдоодо, мергенчилик кылууда этият болууга чакырды.

Маалыматка ылайык, азыркы убакта көпчүлүк тоолуу райондордо жаңы автоунаа жолдору салынып, туристтер жана альпинисттер жүрүүчү жолдор жана тоо-лыжа базаларынын уюштурулуп жатканына байланыштуу кар көчкү түшүү коркунучу жогорулайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан