Индияда жер титирөөдөн жаракат алгандардын саны 100гө жетти. Буга чейин 4 адамдын каза болгону жана 50 адамдын жаракат алганы маалымдалган эле. Бул тууралуу 4-январда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
АКШнын Геологиялык кызматынын билдиришинче, Индиянын түндүк-чыгышындагы Манипур штатында болгон жер титирөөнүн күчү 6,7 баллга жеткен. Жергиликтүү метеорологиялык кызмат жер титирөөнүн очогу 17 чакырым тереңдикте орун алып, силкинүүнүн узактыгы 1 мүнөт болгонун маалымдайт.