Чет өлкөлүк жарандын чучук тууралуу билдирүүсүнө карата кылмыш ишин козгоо боюнча материалдар прокуратурага жөнөтүлдү

"Кумтөрдө" иштеген чет өлкөлүк жарандын чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырганы "Кумтөрдүн" кызматкерлеринин гана эмес, интернет колдонуучуларынын арасында нааразылык жаратты. Интернеттеги социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан Майкл Макфит 2-январда кечинде милиция кызматкерлери тарабынан "Манас" аэропортунан колго түшүрүлгөн эле.

Ал ички иштер органдарында сурак берип, үйүнө бошотулду. Ал эми анын чучук тууралуу билдирүүсүнө карата кылмыш ишин козгоо (улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн) боюнча материалдар Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү. Кылмыш иши козголсо, материалдар УКМКга өткөрүлүп берилет. Муну 4-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

ИИМ "чучук" чуусу боюнча
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
TGA
2016-01-04 11:07:37
Эми кыргызмын деп жургон соттордун намысына да тийсе керек. Акчасына алданбай закон ченеминде иш аткарат деп ишенемин.
+4
azamatzh
2016-01-04 12:33:07
Эми кыргыздын намысы соттордун колунда
+1
marik10
2016-01-15 11:36:27
azamatzh,кыргыздын намысы дейсин, миллиондоп уурдаган чиновниктерди эмнеге жоопко тарттайбыз?
0
MuslimNur95
2016-01-04 14:35:36
Ал уйуно бошотулду? мекенине кеттиби же биздин олкодобу,
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан