Ош шаарынын тоок базарында канаттууларды сойгондор санитардык эрежелерди бузгандыгы үчүн жоопко тартылышты. Бул тууралуу Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан 4-январда билдиришти.
"Тоок базарынын санитардык абалын текшерүү үчүн түзүлгөн атайын топтун текшерүүсүнүн жыйынтыгында ветеринардык эрежени көзөмөлгө албагандыгы үчүн базар ээсине эскертүү берилген. Ал эми эки сатуучу тоок союп жаткан жеринен кармалып, мыйзамдын негизинде айып пул салынган. Ветеринардык инспекция тарабынан атайын адистер бекитилип, мындан ары аталган базар ар күнү көзөмөлгө алынмакчы",- деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 29-декабрда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу “сатуучулар Ак-Буура дарыясынын боюнда канаттууларды союп, санитардык эрежелерди бузушууда” деп маалымдаган эле.