Чүйдүн Чоң-Кемин айыл өкмөтүнө караштуу Калмак-Ашуу айылына эмгекти даңктаган өзгөчө эстелик орнотулду. Эстелик 2015-жылдын 31-декабрында коюлганын инсталляцияны орноткон Станбек Тойчубаев SUPER.KG порталына кабарлады.
Гигант кетмендин салмагы жалпысынан 3 тонна. Металлдан жасалган бөлүгү 800 килограмм, бийиктиги 3,7, туурасы 3,1 метрди түзөт. Ал эми сабынын узундугу 18 метр. Бул арт-долбоорду Чымкенттеги арт-сүрөтчү Саид Атабеков жасаган.
"Бизде туристтерге көрсөтүүчү кызыктуу объекттер жок. Ошондуктан өзгөчөлүк киргизип, ушул инсталляцияны орноттук. Бул Кеминдеги алгачкы арт-объект болгондуктан, айыл тургундарына да кызыгуу жаратып, баары ошол жакта сүрөткө түшүп жүрүшөт",- деди Тойчубаев.