Исламдагы шиит агымынын аалымы Нимра ан-Нимранын өлүм жазасына тартылышы мусулман өлкөлөрүндө массалык нааразылык жаратты

Сауд Арабияда "терроризмге катыштыгы бар" деп айыпталган 47 адам өлүм жазасына тартылды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Расмий маалыматка караганда, аларга "экстремисттик идеологияны колдогон, террордук уюмдарга тиешеси бар" деген айып тагылып, баары күнөөлүү деп табылышкан. Көпчүлүгүнүн 2003-2006-жылдары "Аль-Каида" уюму тарабынан жасалган террордук акттарга катыштыгы бардыгы айтылган. Өлүм жазасына тартылгандардын арасында исламдагы шиит агымынын аалымы Нимра ан-Нимра да бар. Анын өлтүрүлүшүн Иран бийлиги кескин сындап, бир катар мусулман өлкөлөрүндө массалык нааразычылыктарды жаратты.

3-январга караган түнү ирандыктар Сауд Арабиянын Тегеренда жайгашкан элчилигине чабуул коюшкан. Алар эмеректерди сындырып, имаратты өрттөөгө аракет кылышкан. Мындан сырткары Мешхед шаарындагы консулдукка дагы чабуул жасалган. Массалык нааразычылыктардан кийин Сауд Арабия Иран менен дипломатиялык кызматташтыгын жокко чыгарарын жарыялады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
shailoo2015
2016-01-04 11:45:55
Э Кудай озун сактай кор, тынч эле бололучу, Ушул өнүккөн мамлекеттер Жер жүзүндө адам көбөйгөндө согуш менен азайтабыз деп ойлойт экен ошону ойлонбой баары биригип башка ПЛАНЕТАга кантип барып, жашаты ойлонсо жакшы болот эле.
+4
aidartegin
2016-01-04 13:10:16
номери белайнга окошош экен..бир ном ашык
+3
MuslimNur95
2016-01-04 14:28:06
Эх мусулманбызго баарыбыз эч качан Иран Сауд арабияга каршы чыкпашы керек шийиттердики туура эмес, эн кучтуу болгон бул ислам олколору эки олко мамилесине чек койулса, анда кудай билет дуйнодо дагы эмне болуп кетет каапырлар суйунуп атса керек ,
+1
cholpontolgongylyn
2016-01-05 16:33:09
Акыр заманда мусулман мусулманга кол салат деген чынга окшоп калдыго.Тынчылык эле болсунчу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан