Бишкек-Чалдыбар унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 5 адам ар түрдүү жаракаттарды алды

Бишкек-Чалдыбар унаа жолунун 33-чакырымында жол кырсыгы катталып, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгында Субару-Легаси үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада экинчи унаанын 5 жүргүнчүсү ар түрдүү жаракаттарды алып, аймактык ооруканага жеткирилген. Учурда унаалар айып пул төлөөчү жайга токтотулуп, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан