Кадыр Маликов: "Жаракат алган бетимдин жаны жок болуп, сезбей жатам, алты айдан кийин дагы бир операция жасалат"

"Жаракат алган бетимдин жаны жок болуп, сезбей жатам, алты айдан кийин дагы операция жасалат". Бул тууралуу бүгүн, 4-январда SUPER.KG порталына теолог Кадыр Маликов билдирди.

"Учурда абалым канааттандырарлык, үйдө тиешелүү дарылануудан өтүп жатам. Бычактан алган жаракаттарым акырындан бүтүп баратат. Бирок, тилекке каршы, бетимдин оң тарабынын жаны жок, эч нерсе сезбей жатам. Дарыгерлер алты айдан кийин дагы бир операция жасаларын айтып жатышат. Ал анча чоң эмес, чакан операция болот",- дейт К.Маликов.

Эскерте кетсек, өткөн жылдын 26-ноябрында Бишкектин Асанбай кичи районунда дин маселелери боюнча адис Кадыр Маликовго кол салуу болуп, аны бычактап кетишкен. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asad345
2016-01-04 14:12:13
Туркиядан экстрадиция болот деди элего келе элекби ?
0
shailoo2015
2016-01-04 15:02:24
asad345, Келип кетти алар
0
salt56
2016-01-04 14:57:43
Бетиндеги нерв системасына доо кеткен болушу керек. Бирок кесилген жерге жан кирбейт деп айтышат операция болгондор. Жаман эле болду, дагы жакшы аман калды.
0
edu.kg.
2016-01-04 16:21:00
Бир мамлекеттин койгойу бир тен бул адамдыкы бир тен,болдуго бутпос окуясы
-4
Chika78
2016-01-04 17:17:18
edu kg себеби,олкобуздун коопсуздугуна тынчсызданып,оз оюн коркпой айткан диний экспертибизге кол салынып жатпайбы..
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан