Түштүк Корея мамлекетинде жакында "Балдардын чыгармачылык дүйнөсү" деген аталыштагы сынак жыйынтыкталды. Сынакка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүнөн 4 жаштан 9 жашка чейинки балдар катышып, алар дүйнөнү кантип элестеткенин сүрөткө тартышкан. Катышуучулар тартылган сүрөттөрүн электрондук почта аркылуу уюштуруучуларга жөнөтүшкөн. Бул сынактын жыйынтыгы 23-декабрда чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталган.
Сынакта Оштогу менчик мектептердин биринде билим алган 8 жаштагы Артур 3-орунду ээлеп, коло медалды камсыздады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Артурдун апасы Аксандык Болотова айтып берди. "Сынактын жыйынтыгы тууралуу маалыматты уюштуруучулар электрондук почтага кат жолдоо менен кабарлашты. Сыйлыкты болсо 12-18-январь аралыгында жөнөтмөй болушту",- дейт ал.