"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: МАИ кызматы “Өзгөндө улак тартыш оюну өтүп, андан Ош - Бишкек трассасында унаа тыгыны бир нече саатка эмес, 5 мүнөткө гана пайда болду” деди

"Өзгөн районунда улак тартыш оюну өтүп, мындан улам Ош - Бишкек трассасында унаа тыгыны бир нече саатка эмес, 5 мүнөткө гана пайда болду". Муну бүгүн, 4-январда SUPER.KG порталына Жол-кайгуул кызматынын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Кубаныч Камчыбеков билдирди. Анын айтымында, Өзгөн районунда өткөн улак тартышта коомдук тартипти күч органдары көзөмөлгө алышкан.

Өзгөн районунун МАИ кызматкерлери улак тартыш болгон жерде унаа тыгындарын болтурбоо үчүн толук курамында жолду көзөмөлгө алышты. Оюн Бишкек – Ош трассасына жакын болгон жок, ага карабай айдоочулар унааларын жай айдап, улак тартышты көргөнгө аракет кылышты. Мындан улам 1 чакырымга жетпеген 5 мүнөттүк тыгындар пайда болду. Ошондой эле жолдо ыңгайсыздыкты спорттук оюнду көрүүгө келгендер унааларын жолго туура эмес токтотуп коюп пайда кылышты”,- деди Камчыбеков.

Эскерте кетсек, 3-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Өзгөндө өткөн улак тартыштын айынан 28 чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгонун маалымдаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
azureya19
2016-01-04 14:32:26
Камчыбеков ага,ХХХ ХХХ. Мына биз турдук ошол тыгында 5 саат,5(!) СААТ !!! Перевалга 15.30 келип токтоп,20.15 те аран жылдык,улак уюштургандар элдин каргышына калды,мен 1жаш 8 айлык кызым менен канча кыйналдым кызым ыйлап. Гаи илен салан болуп аран саат 7лерде келишти. 5 минут деп кыжырга тийбениз!!!
+15
admin_media
2016-01-04 15:30:28
azureya19,
Этика нормаларын сактаңыз!
-4
kelechek.kg
2016-01-04 14:39:11
Астафуралла не дейт мобул гаи акебиз 5 6 саат болду кеминде мен дагы турдум ошол тыгында. Байкуш билет алып аэропортко кетип аткандарга жаман эле болду жоо сумкаларын которуп алышып жаш балдарын жетелеп нары бери наалат айтышып.
+11
ainuska00
2016-01-04 14:52:26
эч кандай 5 минут эмес....жездем 2,5 саат туруп анан аран келди ....Жол кайгул кызматы аны жаап жашырып не кылат? элди алдабагыла
+8
Uli6886
2016-01-04 15:20:23
Кубаныч Камчыбековго эми дагы кайра байланышка чыгып тактап бергиле эл минтип ататго деп
)))
+4
glamur
2016-01-04 15:51:51
5 деп туура эмес адашыптыр 1 2 саат деп айтмак бул адам да куноо жок туура тушунгуло
0
glamur
2016-01-04 15:59:31
бул жерде эл кыйналды туура бирок бул инсан адашкандыр 5 минутдеп 1 2 саат болуптур ХОВО автоунасы бузулуп
-1
Parish
2016-01-04 16:10:40
МАИ кызматкери каратып туруп кырып
салганына жол болсун.Ушунча машина
турганы эле айтып турат жургунчулорду
канча убакытка токтоткону.
+1
kg-diplomat
2016-01-04 16:23:09
4 сааттык тыгын болду мен кубо болдум. Бирок бул жерде маи кызматкерлеринин куноосу, алар эрте келип ар 20 метрге туруп алып козомол кылыш керек эле жолду бошотуп.
+2
kgul
2016-01-04 16:36:02
Канадалык бироо чучукту жамандаса так секирип чычаладык. Улак тартыш улуттук оюн, тыгын болсо болгондур. Ошончо коруучу келгенине кубанбайсынарбы
+3
shirinim0817
2016-01-04 16:50:46
5мунот эмес 5саат болду го,мен да турдум ошол тыгында,жолдон калгандар наалат айтышып,жаш балдар ыйлап байкуш жургунчулорго кыйын болду.
+2
glamur
2016-01-04 16:53:25
хово авто жукташшучу уна бузулуп жатса айддочулар баш аламан журуп встречный журуп пробка кылды мен ошол жерде уже пробка кобойгондо жоюу кыйын болду Куба байке туура эмес жеткирип ал укаанын айтты бул куноо озгон акмиаттында
0
aza_74
2016-01-04 18:08:38
Ошондой чон улак тартыш болуптур видеосун каерден корсо болот? Баргандар да жакындан коро албаптыр аэрокамера менен таркандар болдубу?
0
Pepichi
2016-01-04 20:31:27
Айдоочулардын озундо кунооо да улак откоргонду кунобогуло пропканы озунор кыласынар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан