Кызыл-Суу айылында "жылкы уурдаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды

Кемин районуна караштуу Кызыл-Суу айылында "жылкы уурдаган" деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда аймактык милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.К. аттуу адам кайрылган. Анда ал белгисиз жарандар анын сарайынан жылкысын алып кетишкенин айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 40 жаштагы И.Т. аттуу жергиликтүү тургун кармалды. Учурда ага карата "мал уурдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан