"Кумтөрдө" иштеген чет өлкөнүн жараны Майкл Макфит чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштыргандан кийин кыргыз жергесиндеги интернет колдонуучуларынын арасында массалык нааразычылык жаралып, "чучук" сөзүн интернеттен издегендердин саны көбөйдү. Улуу Британия, Норвегия, Бельгия, Ирландияда да бул сөздү "чучук", "chuchuk" деп издегендер көп болуп жатканын "Google Trends" маалыматынан билүүгө болот. Анда акыркы сутка ичиндеги издөөлөр 12 жыл ичиндеги издөөнүн рекорддук чегине жеткени белгиленген. Чет элдик маалымат каражаттары да бул окуя боюнча жазышууда.
Макфит 31-декабрда жаңы жылдык кечеде дасторконго коюлган чучукту аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырып, социалдык түйүндөгү өздүк баракчасына жарыялаган. Бул коомчулукта кызуу талкууну жараткандан кийин ал билдирүүсүн өчүрүп салган. 2-январда кечинде милиция кызматкерлери тарабынан "Манас" аэропортунан колго түшүрүлүп, ички иштер органдарына сурак берип, үйүнө бошотулганын 4-январда SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Ал эми анын чучук тууралуу билдирүүсүнө карата кылмыш ишин козгоо (улуттук, расалык жана диний кастыкты козгогондугу үчүн) боюнча материалдар Каракол шаардык прокуратурасына жөнөтүлдү.