МАИ кызматы кечээ, 3-январда Ош-Бишкек жолунун Өзгөн районундагы бөлүгүндө унаа тыгыны бир нече саатка созулганын мойнуна алды. Буга чейин SUPER.KG порталына Ош шаардык жана Ош облустук Жол-кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Кубаныч Камчыбеков "унаа тыгыны бир нече саатка созулду деген жалган, 5 эле мүнөт болду" деп билдирген эле. Көп өтпөй жаңылыш маалымат бергенин моюнга алып, тыгын бир нече саатка созулганын тастыктады.
“1 чакырымга созулган унаа тыгыны Ана-Кызыл айылынын боюнда Хово үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаанын бузулуп калуусунан келип чыккан. Айдоочулар бири-бирин сыйлабай каршы тилкеге чыккандан улам тыгын жаралган”,- деди Камчыбеков.
Эскерте кетсек, 3-январда окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу Өзгөндө өткөн улак тартыштын айынан 28 чакырымга созулган унаа тыгыны пайда болгонун маалымдаган эле.