Ооганстандын борборундагы аба майданына жакын жерде жан кечти өзүн өзү жардырды

Ооганстандын борборундагы аба майданына жакын жерде жан кечти өзүн өзү жардырды. Бактыга жараша, окуя болгон жерде жан кечтиден башка эч ким жабыркаган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда чет элдик массалык маалымат каражаттары жергиликтүү полицияга шилтеме берүү менен жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жан кечти унаасы менен көзөмөл-өткөрмө пунктуна жакын жерге келип токтоп, андан соң белине байланган жардыргычты жардырган. Айрым маалыматтарга караганда, аталган аймакта адам көп болгон, себеби ал жакка футбол боюнча улуттук курама команда келмек. Буга байланыштуу аларды тосуп алууга көптөгөн күйөрман чогулган. Учурда бул жардырууну эч бир террордук кыймыл мойнуна ала элек.

Эске салсак, декабрь айынын соңунда аэропорттун жанында болгон жардыруудан 1 адам каза таап, 31 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан