Борбор калаада "күч колдонуу менен тоногон" деген шек менен 27 жаштагы жигит кармалды

Бишкек шаарында тоноочулукка шектелген жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-январда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган. Анда ал кечээ, 3-январда саат 20:00 чамасында Бейшеналиева-Киев көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адам күч колдонуп уюлдук телефонун тартып алганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кайгуул-күзөт кызматкерлери тарабынан 27 жаштагы К.Н. кармалган. Учурда бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Rifle_2
2016-01-04 18:22:00
Күчтүүлөр тажатты. Анан эле өздөрүн кыйнап алышат. Эми милицияга канча акча берип чыгат болду экен.
0
Parish
2016-01-04 19:56:30
Булар тоноо гана жагын ойлойт
милицияга тушп калышын ойлобойт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан